Эми Өзбекстанда жалпы билим берүүчү мектептер үчүн алтернативдик окуу китептери иштелип чыкмакчы. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине шилтеме берүү менен Podrobno.uz маалымат агенттиги жарыяларды.
Өкмөттүн чыгарган токтомуна ылайык, жалпы билим берүүчү мектептер үчүн алтернативдик окуу китептерин түзүү жана колдонуу жөнүндө жобо бекитилген. Бул документте мындай алтернативдик окуу китептерине карата талаптар Элге билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыкмакчы.
Министрлик тарабынан түзүлгөн жана иштелип чыккан окуу китептеринин жана усулдук материалдардын тизмеси кийинки окуу жылдарына чейин бир жыл мурда массалык маалымат каражаттарында жана министрликтин расмий сайтында жарыялана турган болду. Ал эми бул окуу китептерин жана усулдук адабияттарды даярдоого катышууну каалаган жамааттар республикалык билим берүү борборунун координациялык кеңешине кайрылуусу тийиш.
Алтернативдик окуу китептери алдын ала коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлат жана ар кандай сунуштар жана сын-пикирлер эске алынып, ошого карап баа берилет. Талкуудан кийин 95 пайыздан ашуун баа алган алтернативдик окуу китептери мектептерге ыктыярдуу негизде пайдалануу үчүн сунуш кылынат.
Жакынкы мезгилде эле ушундай “Өзбекстандын тарыхы” аттуу жаңы эки томдук жарык көргөн. Ага 1917-1991-жылдардагы өлкөнүн советтик тарыхы боюнча материалдар кирген.