Быйылкы Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында Жалал-Абад областында аткарылуучу 110 иш-чаралар аныкталган. Алар кайсылар?
Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү тарабынан 14 артыкчылыктуу багыттагы 110 иш-чаралардын планы бекитилип, аларды аткаруу боюнча аракеттер жүрүүдө. Бул тууралуу кезектеги коллегиясында айтылды.
Планга ылайык төмөнкү иштер аткарылмакчы:
— Салык базасын 3 пайыздан, ички дүң продукцияны 4,3 пайыздан, жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын өзүн-өзү камсыздоосун 3 пайыздан кем эмес өстүрүү;
-айыл чарба тармагында 3 кооперативди, 12 күнөскананы, малдардын асылдуулугун жогорулатуучу 8 жасалма жол менен уруктандыруу пунктту, мөмө-жемиштерди кургатуучу 7 цехти, сүттү кайра иштетүүчү 3 ишкананы жана чакан логистикалык борборду ачуу;
-областтагы 137 жалпы билим берүүчү мектепти интернет булагына туташтыруу, 1-класска кабыл алууда электрондук кезекке коюуну киргизүү.
Мындан сырткары, саламаттыкты сактоо, өнөр-жай, инфраструктураны жакшыртуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багыттарында да бир топ иш-чаралар пландалган.
Коллегияда област жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев тарабынан жогоруда аталган иштерди турмушка ашыруу үчүн тиешелүү тармактарга тапшырмалар, талаптар коюлду. Эми белгиленген пландар канчалык ишке ашары жыл аягында билинет.
Эске сала кетсек, 2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланган.