Кыргызстанда бир бараандуу окуя жүз берди, бирок саясатташып калган коомчулук буга анчейин көңүл бурган жок. Кала берсе Фейсбук талаасында “талкалашып” аткандарда буга карата жакшыраак пост жазып, пикирлер айтылбады. Деген менен, бул тууралуу кеп кылуу зарылдыгы көлдөлөң турат.
Жакында эле, 14-март күнү президент Соорон Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялоого кол койду. А чынында Кыргызстан аталган эл аралык документке 2011-жылы эле кол койсо да, ратификациялоо иши кечеңдеп келе берген. Анын башкы себеби өлкөдө майып кишилерге камкордук көрүүгө тыйын табылбаганы болду. Эми ратификациялоодон кийин биз майыптарга камкордук көрүү жагынан эл аралык нормаларга баш ийебиз жана аларды аткарууга милдеттүүбүз.
Конвенциянын негизги максаты майыптыгы бар кишилерди коомдук турмушка активдүү катыштыруу болуп саналат. Демек, бардык жерде бийликтер мүмкүнчүлүгү чектелгендер жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратып, алардын талаптагыдай билим алышы, кесипке ээ болушу, жумушка орношуусу, коомго пайда келтирүү жагынан алардын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруусу, медициналык жактан кам көрүлүшү боюнча иш-чараларды аткарышы керек болот. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар башка бардык жарандар сыяктуу эле коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары каралашы жана алар мындан пайдаланышы абзел.
Буга чейин бизде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга камкордук көрүү аларга арзыбаган жөлөк пул менен пенсия чегерип берүү, медициналык тейлөөдөгү жеңилдиктерди кароо сыяктуу болор-болбос нерселер менен чектелип келген. Чыныгы камкордук көрүү коомдук турмушубуздан орун алган жок. Башкасын айтпаганда да, аларга билим берүүчү атайын борборлор же башка жайлар ачылып, алардын интеллектуалдык мүмкүндүктөрүн коом үчүн пайдалануу, алардын бардык гуманитардык чөйрөгө терең аралашуусун камсыз кылуу чаралары жүргүзүлбөй келди же алар болсо да сезилген жок.
Айрым жайларда гана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызды окутуу, кесипке же айрым көндүмдөргө тарбиялоо иштери бейөкмөт уюмдары, коомдук фондулар аркылуу жүргүзүлдү, бирок алар дегеле жетишсиз. Себеби, аларга компьютерде иштегенди үйрөтүү же башка ушул сыяктуу жеңил-желпи көндүмдөргө машыктыруу менен маселе чечилбейт. А чынында майып кишилер көптөгөн кесиптерде өз мүмкүндүктөрүн мыкты пайдалан алышмак. Бул алардын жеке инсандык өнүгүшүнө да, мамлекетке да пайда алып келмек. Анткени, алар өздөрүн камсыз кылуу мүмкүндүгүн колго алышмак.
Жалпы Кыргызстанда, анын ичинде Жалал-Абад шаарында мүмкүндүгү чектелген адамдар коомдук унааларда жүрө алышпайт, аны үчүн атайын унаа инфраструктурасы түзүлгөн эмес. Балким, мындай иштер пландалган да эмес. А эгер мүмкүндүгү чектелгендер коомдо кезип жүрө албаса, көчөгө чыга албаса, анда башка бардык камкордуктар тууралуу эмнени айтууга болот?
Башка бардык өнүккөн өлкөлөрдүн шаарларында, коомдук жайларда, тейлөө жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын жабдылган ажатканалар иштейт. Көчөгө чыккан, коомго аралашкан майыптар эч кандай ыңгайсыздыктарды сезишпейт. Кадимкидей эс алуу бактарында, соода борборлорунда, расмий же жеке маанидеги имараттарда, кеңселерде эркин жүрө алышат жана камкордукту сезишет. А бизде, атап айтканда Жалал-Абад шаарында ушундай шарт барбы? Мүмкүнчүлүгү чектелгендер эмес, ден соолугу менен мактангандар үчүн да жакшыраак, заманга ылайык келчү (ХХI кылымда жашап атабыз!) муниципалдык ажаткана жок. Бийликтер башка иштер менен убара.
Башка чөлкөмдөрдү айтпай эле коёлу, өлкөдөгү үчүнчү шаар делген Жалал-Абаддын ар кандай имараттарынын алдындагы майыптар арабасы үчүн салынган жолчолор (пандустар) таптакыр талапка жооп бербейт. Пандустар менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар имараттарга өз алдынча кирип кете алышпайт. Сөзсүз башкалардын жардамы керек болот. Пандустар тууралуу бир канча жылдардан бери маселе көтөрүлөт, массалык маалымат каражаттары тарабынан сындар айтылып келет, тийиштүү мамлекеттик органдарда маселелер каралып келет, бирок бир дагы майнап жок. Жалал-Абад шаарынын бийликтери бул иш менен ыклас коюп алектенише элек.
Эмнеге андай? Албетте, бюджетте каражат деле бар, жылына эки-үч пандус курууга акча тапса деле болмок. Деген менен, 2018-жылы инфраструктурага 147 миллион сом бөлүнгөн, бул чоң каражат. Шаарды оңдоп-түзөө, заманбап шартка алып келүү аракети жүрүүдө. Бирок, ушул процесс учурунда мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттарды жаратуу иши да тең жүрүшү зарыл эле. Инфраструктураларды түзгөндө биздин ушул жарандарыбыздын да кызыкчылыктары эске алынууга тийиш болчу.
Албетте, Конвенциянын талаптарын аткарууга мамлекеттик бюджеттен көп каражаттар бөлүнүүгө тийиш. Айрым маалыматтарга караганда, 10 жыл ичинде Кыргызстан өз милдеттерин аткарууга 10 миллиард сом каражат чегериши зарыл. Азыркы 160 миллиард сомдук жалпы бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү менен алганда бул анчалык эле көйгөйлүү эмес. Бирок, бөлүнгөн каражаттар туура иштетилеби, даректүү аракеттер жасалабы, шумпайлардын жеми болуп кетпейби? – деген суроолор да туулат.
Башкысы, жер-жерлерде бул багытта бийликтер, коомдук уюмдар жана жеке менчик сектор өз алдынча бүткөрө ала турган иштерди пландап, аймактык деңгээлде атайын мөөнөттүү программаларды түзүүсү жана ишке ашыруусу абзел. Бирок, ал болор болбосо жер-жерлердеги жетекчилерден, тийиштүү адистерден көз каранды.
Азыр Кыргызстанда 180 миңдей майып жарандар бар, ал эми Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер саны 1114 деп айтылууда. Алардын баары мамлекеттен, коомчулуктан практикалык астейдил аракеттерди күтүп турушат. Алардын үмүтү, мүдөөлөрү канчалык аткарылат, аны убагында көрөбүз.
Жалил САПАРОВ.