Дүйнөнүн чартарабында мөмө-жемиштерден, алардан алынган ар кандай өнүмдөрдөн эл аралык рынокто үлкөн киреше алуу атаандаштыгы улам күчөп баратат. Атаандаштык үлкөн өлкөлөр менен майда өлкөлөр арасында бирдей жүрүүдө, майдалар да үлкөндөрдү артта калтырган учурлар арбын болууда. А себеп, азыктарга болгон муктаждыктын, суроо-талаптын өсүп жатышы, өлкөлөрдүн ошол тенденцияга карата акыл-эстүү активдүү аракети гана болуп жатат, башка сыры деле жок. Деген менен, мөмө-жемиштер өлкөлөргө миллиарддаган доллар кирешелерди алып келип жатканы, алар бул тармакты ого бетер диверсификациялап жатышканы анык. Эми алдыда күрөш дагы күчөй бере турганы көрүнүп турат.
Бир айда 284 миллион доллар
Май айында Түркия жаңы бышкан мөмө-жемиш жана жашылча экспорту боюнча ийгиликке жетип, анын көлөмү 284 миллион долларды түздү. Жаңы бышкан мөмө-жемиш жана жашылчаларды экспорттоочулардын Жерортолук деңиз бирикмесинин президенти Ферхат Гуруз быйыл өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 14 пайыз өсүш болгонун билдирди. Бул тууралуу BazaarTime басылмасы жарыялаган.
Алынган маалыматка караганда, эл аралык рынокко май айында эле 354 миң 282 тонна жаңы бышкан өнүмдөр экспорттолгон. Ал эми экспорттук багыттар негизинен Россияны, Иракты жана Германияны камтыган. Ферхат Гуруз түркиялык багбандар Ирактын рыногуна экспорттоону 339 пайызга, Германиянын рыногуна экспорттоо көлөмүн 126 пайызга жогорулатышканын айтат. Андан тышкары, Ливияга, Чехияга жана Грузияга болгон экспорттун көлөмү да өскөн.
Өнүмдөрдөн, тактап айтканда, шабдаалынын экспорту алдыда – анын көлөмү 81,2 миллион долларга жеткен. Анын артынан эле гилас менен кайнаалынын 34,6 миллион долларлык көлөмүндөгү экспорту келди.
Томаттын экспорту – дээрлик 3 миллиард доллар
Мексика томат экспорту боюнча дүйнөлүк лидердин ордуна бекем отурду: анын экспорттогон өнүмүнүн бажыдан катталган баасы эле 2 миллиард 988 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүчү менен Мексика 1 миллиард 950 миллион долларлык экспорттук көлөмдү камсыз кылган Нидерландыларды, 1 миллиард 269 миллион доллардык экспорттук көлөмдү камсыз кылган Испанияны кууп өттү. Өлкөнүн Экономика министрлиги бул тарыхый рекорд экенин билдиргенин Fructidor басылмасы жазып чыкты.
Trade Data Monitor басылмасынын маалыматына караганда, мексикалык томаттардын негизги экспорттук дареги АКШ болуп саналат. Бардык экспорттук көлөмдүн 99,8 пайызы ушул багытка жөнөтүлөт. Андан кийинки орундарда Канада менен Япония турат. Эми Мексиканын Айыл чарба министрлиги быйылкы жылы 3,30 миллион тонна томат өндүрүлүп, ал 2023-жылдагыга караганда 2 пайызга көп болорун боолгоп жатат. Мунун баары томат экспортуна карата эл аралык керектөөлөрдүн өсүп жатканынан болууда. Деген менен, 2023-жылы томаттын өнүмүнүн көлөмү мурдагы жылга караганда 8 пайызга төмөндөп, 3,22 миллион тонна түшүм алынган эле, буга өлкөдө жүз берген кургакчылык себеп болгон.
Мексиканын томат өндүрүүчү негизги беш штаты жалпы өлкөдө өндүрүлгөн томаттын көлөмүнүн 51 пайызын камсыз кылышат: Синалоа (22 пайыз), Сан-Луис-Потоси (13 пайыз), Мичоакан (7 пайыз), Түштүк Ылдыйкы Калифорния, Халиско жана Сонора (ар бири 5 пайыздан).
Мексика томат экспорту боюнча 2016-жылы Нидерландылардан озуп кетип, сегиз жылдан бери лидерлик позицияны колдон чыгарбай келет.
Молдованын алмалары – Индияга
Эми быйылкы жылдан баштап үлкөн рыногу бар Индия Молдованын жаңы башкан алмаларын импорттой баштады. Деген менен, өткөн жылы Молдова Россиянын бул өлкөгө салган импорттук чектөөлөрүнөн кийин өндүрүлгөн алмаларын араң сатып үлгүргөн болчу. Эми Молдованын алма экспортунун жаңы багыты – Индия болуп калат.
Быйылкы жылы Молдова ай сайына алма экспортун үлгүлтүккө учураткан жок, алгачкы төрт айдын ичинде 216 тонна алма жөнөттү. Бул анчалык көп көлөм болбосо да, индиялык импортчулар алмалар үчүн төлөп берген баа Россия төлөгөн баалардан кыйла жогору болгону менен айырмаланды жана кирешелүү болду. Бул эми логистиканын, өнүмдүн сапатына болгон татаалдыктарга карабастан.
Албетте, Индия Россияга караганда ишенимдүү кардар эсептелет, себеби демографиялык динамиканын өзгөчөлүгү керектөөлөрдүн өсүшүнүн туруктуулугун камсыз кылып турат. Деген менен, Индия алма импорту боюнча дүйнөлүк лидер эсептелет. Бул өлкөгө алма жөнөткөн өлкөлөр арасында Иран, Түркия экспорттук көлөм жагынан алдыда турушат. Башкача айтканда, булар экөө жалпы алма экспортунун жарымын камсыз кылышууда. Тактап айтканда, айына орто эсепте 10-15 миң тонна, айрым айларда 30 миң тоннага чейин алма экспорттошот.
Өсүү жок, бирок туруктуулук бар
Өзбекстан мөмө-жемиш жана кургатылган жемиштер жагынан Борбордук Азиядагы экспорттук жогору мүмкүнчүлүгү бар өлкө катары эсептелгени менен акыркы жылдары чоң ийгиликтерге жетише алган жок. Айрым багыттар боюнча алга жылуулар катталганы менен кургатылган жемиштер боюнча 2023-жылы өлкөнүн экспорттук кирешеси 10 пайызга азайып кеткен же 777 миллион доллар көлөмгө түшкөн. Салыштыра келсек, 2018-жылы экспорттук көлөм 708 миллион 246 миң долларга, 2019-жылы 931 миллион 952 миң долларга, 2022-жылы 866 миллион 70 миң долларга барабар болгон.
Деген менен, акыркы кездерде Россия чет жактан келүүчү импортко чектөөлөрдү салганы менен ортоктош уюмдарга мүчө болгон Борбордук Азия өлкөлөрү бул рыноктон кеңири пайдаланып кете алышпады. Ошол эле Өзбекстандын кургатылган жемиштер боюнча экспорттук көлөмү акыркы 5 жылда 700-900 миллион долларлык көлөмдө турат.
Бул жагынан дүйнөдө акыбал кандай? Дүйнөлүк рынокто кургатылган жемиштерге болгон керектөөнүн көлөмү улам өсүүдө, бирок мындай өнүмдөргө болгон баалар да төмөндөп барат.
Грузияда жаңгак өнүмү көбөйөт
Грузия грек жаңгагын керектөө боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда камсыз кылып турат. Бул тууралуу Galt & Taggart консалтинг компаниясынын изилдөөсүнүн жыйынтыктарына таянып «Грузия online» басылмасы жазып чыкты.
Изилдөөнүн жыйынтыктарына ишенсек, Грузиянын тургуну бир жылда орто эсепте 1,04 килограмм жаңгак жейт экен. Бул деген дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн сегиз эсеге көптүк кылат. Изилдөөнүн авторлору муну грузиндердин ашканасынын өзгөчөлүгү менен түшүндүрүшөт, көрсө алардын аштизмесинде жаңгак кошулган тамактар арбын экен.
Анан да 2023-жылга карата Грузия жаңгакка болгон ички керектөөсүн араң 56,6 пайызга жапкан. Жаңгакты негизинен Украинадан, Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Кытайдан импорттогон. Жергиликтүү багбандар импорттун өсүшүнө каршы эмес, анткени алардын түшүмү толугу менен сатылып кетип жатат. Деген менен, 2019-жылкы пандемиянын натыйжасында өнүм көлөмү азайып, жаңгакка болгон баалар да өсүп кетти.
Өкмөт да карап турган жок, атайын жаңгак көчөттөрүн тигүүнү көбөйтүү максатында өкмөттүк компания уюштуруп, 2015-жылдан тарта багбандар көчөт отургузууга грантттарды ала башташкан. Негизинен “Чендлер” сортундагы көчөттөргө маани берилүүда, анткени отургузулгандан кийин сегиз жылда көчөттөрдөн гектарынан 10 тоннадан түшүм алса болот.
Өткөн жылы бул өкмөттүк программа аягына чыгарылды. Эми Galt & Taggart компаниясы 2030-жылга барып, Грузияда жаңгак өндүрүү көлөмү 5,6 миллион килограммга жетерин кабарлап жатат. Буга жараша багбандарга тиешелүү билимдер берилип, көндүмдөр жайылтылууда.
Эгер дүйнөлүк тенденцияны алып карасак, грек жаңгагын өндүрүү тынымсыз өсүп баратат. Анын көлөмү 2022-жылы 1,157 миллион килограммга жетсе, АКШ менен Кытайдын мындагы үлүшү 79,1 пайызга барабар болду. Ал эми грек жаңгагын көп импорттогон өлкөлөрдөн Германия (13,7 пайыз), Бириккен Араб Эмираттары (8,7 пайыз), Түркия (7,5 пайыз), Италия (5,5 пайыз) жана Мексика (5 пайыз) бар.
Булак: https://east-fruit.com