Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагына караштуу Таш-Булак айылындагы жападан жалгыз мектептин жаңы имараты алты айдын ичинде эле курулуп бүттү. Эми окуучулар ыңгайсыз жана тар эски мектепте эмес, евростилде салынган жарык жана кенен класстарда окушат. Бул тууралуу Акман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Күлчоро Матисаков билдирди.
Замирбек Мураталиев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин директору Гүлнура Токтогулованын айтымында, бул мектептин эски имараты мындан 33 жыл мурда ашар ыкмасы менен курулган эле. Адегенде райондогу Токтогул атындагы орто мектебинин филиалы катары ачылып, 1998-жылдан өз алдынча башталгыч мектеп болуп калган.
-Ал кезде айылда элдин саны аз болчу, ал эми Таш-Булак айылы башка айылдардан алыс тургандыктан өзүнчө мектеп керек эле. Андан кийин 2004-жылы ашар ыкмасы менен кошумча корпус курулду. Ошол кезде жаш ишкер Замирбек Мураталиев мектептин курулушуна демөөрчү катары абдан көп жардам берген. Эл буга ыраазы болуп, З. Мураталиев дүйнөдөн мезгилсиз кайтканда анын ысымын мектепке коюшкан. Ошентип, 2006-жылы мектеп Замирбек Мураталиев атындагы негизги билим берүүчү мектеп болуп калды, — дейт Г. Токтогулова.
Ашар ыкмасы менен типтүү долбоордо курулбаган мектептин эски имараты окуучуларга да, мугалимдерге да ыңгайсыздыткы алып келген. Окутуу сапатына таасир берген. Анан калса, айылда элдин саны өсүп, окуучулардын саны да артып, мектепке жаңы имарат куруу зарылдыгы келип чыккан.
-Мектептин курулушу быйыл, 2023-жылы майда башталды. Анын демилгечиси белгилүү коомдук ишмер Нышанбек Кочкоров болуп эсептелет. Ал айылга келип, мектептин акыбалы менен таанышкан соң, жаңы имарат куруу демилгесин көтөрүп чыкты. “Ашар” эл курулуш” коомдук бирикмеси мектептин курулушун колго алды. Ошентип, алты айдын ичинде эле курулуш иштери аяктап, окуучулар жаңы мектептен окуй турган болушту. Бул айылдыктар арасында абдан кубанычтуу нерсе болду. Азыр алар Н. Кочкоровго да, “Ашар” эл курулуш” коомдук бирикмесине да абдан ыраазы болуп жатышат, — дейт айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Матисаков.
Алынган маалыматка караганда, мектептин жаңы имаратынан курулушуна 40 миллион сом каражат кеткен. Таш-Булак айылынын тургундары өз демилгеси менен 1,5 миллион сомдук салым кошушкан. Ал эми мектеп ысымын алып жүргөн Замирбек Мураталиевдин бир туугандары да өз демилгелери менен 600 миң сомдук салымдарын кошушту. Албетте, жергиликтүү бийликтер да карап турбай, бюджеттен 600 миң сомдук колдоо көрсөтүшкөн.
К. Матисаков окуучулар үчүн жөн гана мектептин жаңы имараты эмес, терең билим алышы үчүн эмеректер жана техникалык жабдуулар да камсыздалганын айтат. Анын айтымында, азырынча мектепке 20 компьютер, 90 парта жана 180 отургучтар берилди. Буюрса, ар тараптан камсыз кылуу жагы улантылат.
Мектеп директорунун айтымында, мектеп заманбап шарттары менен курулган. Окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык шарттары каралган.
-Мурда окуучулардын саны 90-100 гана болчу, ошентсе да эски мектеп тарлык кылып, класстык кааналар жетишчү эмес, болгону алты каана бар. Эми окуучулардын саны 200дөн ашты, мектеп да 200 орундуу болуп курулду, жалпы 11 каана болсо, анын жетөөсү класстык кааналар. Келген жаңы доскалар, компьютерлер, эмеректер, техникалык башка да каражаттар биз үчүн абдан маанилүү. Эми билим берүүнүн сапатын арттырып, окуучуларды жакшы тарбиялай берсек болот, — дейт Г. Токтогулова.
Мектепке аты коюлган Замирбек Мураталиевдин туугандары бул мектепке мындан ары да кол кабыш кыла берерлигин айтышат.
-Менин бир тууган иним Замирбек жаш ишкер эле. Ушул айылда мектептин кошумча класстык кааналары курулуп жатканда колунан келгенче көп жардам берген. Эл анын аракетин, жардамын көрүп, эл абдан ыраазы болгон эле. Кийинчерээк иним автокырсыктан каза болуп калып, анын эмгегин унутпаган айылдыктар мектепке анын ысымын ыйгарышкан. Быйыл бизге мектептин жаңы имаратын курулушу башталып жатканы тууралуу кабар жетип, биз да карап тургубуз келбеди. Бир туугандар курулушка колубуздан келгенче жардам берип, жаш муундарга шарт түзүүгө салым кошкубуз келди. Мына эми мектептин жаркыраган жаңы имараты бүткөрүлүп, баарыбыз кубанычтабыз, — дейт Шабданбек Мураталиев. – Буюрса, мектепке дагы да колдоо көрсөтө беребиз.
Баса, бул жолкусунда мектептин гана имараты эмес, анын футболдук стадиону, айылдык фельдшердик-акушердик пункту да кошо курулду.
-Демилгечи Нышанбек Кочкоров, “Ашар” эл курулуш” коомдук бирикмеси окуучулар үчүн кичи футболдук стадионду, ошондой эле айылдыктардын муктаждыгын эске алып, ФАПты да кошо курууну көздөшкөн. Ал ниет ишке ашты, окуучулар үчүн заманбап кичи-футболдук талаа курулуп берилди. Ага аталган коомдук бирикменин өкүлү Абылкасым Насировдун жеке каражаты, айылдык жаштар жамаатынын колдоосу жакшы жардам берди. Аларга абдан ыраазыбыз. Ошондой эле коомдук бирикме айылдык ФАПты куруп берди, ага коомдук бирикме 2 миллион сом, айыл жамааты 350 миң сом, жергиликтүү бюджет 100 миң сом салым кошту. Эң сонун иш болду, себеби бул айылдыктарга абдан керек эле, — дейт Күлчоро Матисаков.
Жакынкы күндөрү айылдык бийликтер менен айылдын жамааты мектеп жамааты менен биргеликте мектептин жаңы имаратынын ачылышынын салтанаттуу белгилешмекчи.
Эскерте кетсек, Таш-Булак айылы Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагына карайт, Сузак району менен чектешкен тарапта, Бишкек-Ош жолуна жакын жайгашкан. Тээ 1987-жылы табигый кырсыктардан улам Акман айыл аймагындагы “Кайнар”, “Таш-Булак” жана “Коргон-Жар” айылдарынан бул жакка эл көчүп келип, өзүнчө айылга айланды. Эл айылды “Таш-Булак айылы” деп атап алышкан. Адегенде 21 бир гана түтүн эл жашаса, азыркы кезде 120 түтүн кожолук, 600дөн ашуун эл бар.