АКШнын Конгрессине TikTok социалдык тармагына тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди. Мыйзам чыгаруучулар аталган социалдык тармак АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептешүүдө. Бул тууралуу golosameriki.com жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, бул мыйзам долбоорун республикачы-сенатор Марко Рубио сунуш кылып, америкалык колдонуучулар пайдаланган электрондук каражаттарда кытайлык TikTok соцтармагына тыюу салууну сенаттагы эки партиянын өкүлдөрү да колдоого алышкан. Буга TikTok соцтармагы америкалыктардын артынан аңдуу жүргүзөт, алардын жеке маалыматтарын топтойт жана дезинформация жүргүзөт деген кооптонуу себеп болду.
Жаңы мыйзам Кытайдын жана Россиянын көзөмөлүндөгү же таасириндеги ар кандай социалдык тармактардын тиркемелерине тыюу салууга багытталган. Өкүлдөр палатасына ушундай эле мыйзам долбоору республикачы-конгрессмен Майк Галлахер жана демократ Раджа Кришнамурти тарабынан сунуш кылынган.
Сенатор Рубио таркаткан пресс-релизде “Кытайдын мыйзамдарына ылайык, TikTok, ByteDance башкы кытай компаниялары TikTokтун тиркемелеринин бардык маалыматтарын Кытай коммунисттик партиясына берүүгө милдеттүү. Баары – ФБРдин директорунан Байланыш боюнча федералдык комиссиянын жетекчилерине жана киберкоопсуздук эксперттерине чейин – TikTok америкалыктардын артынан аңдуу үчүн колдонулат деп эсептешет” деп айтылат.
Анан да Рубио “америка өкмөтү америкалык колдонуучуларды TikTokтон коргоо үчүн ушул кезге чейин эч кандай зарыл кадамдарды жасаган жок” деп билдирди. Рубио “кеп креативдүү видеороликтер тууралуу эмес, күн сайын ондогон миллион америкалык балдар жана улуулар тууралуу маалыматтарды жыйнап жаткан тиркемелер тууралуу болуп жатат” деп эсептейт.
“Биз TikTok жаңылыктар менен манипуляция жасоо жана шайлоолорго таасир этүү үчүн колдонулуп жатканын билебиз. Бул Кытай үчүн жооп. Мындан ары Кытай компартиясынын марионеткасы болгон [ByteDance] компания менен пайдасыз сүйлөшүүлөргө убакыт коротуунун кереги жок. Пекин көзөмөлдөп турган TikTokко биротоло тыюу салуу убактысы келип жетти” – деп айтылат Рубионун билдирүүсүндө.
Конгрессмен Майк Галлахердин пикиринче, TikTok – бул америкалыктарды азгырып, көз каранды кылып алган, алар тууралуу маалыматтарды жыйнап, жаңылыктарды цензуралаган санариптик маңзат сыяктуу. Ал – акыры барып Американын башкы каршылашы коммунисттик Кытайга баш ийген ByteDance компаниясына тийиштүү үлкөн медиа-компания. Демек, TikTok тиркемесинин АКШда иштей беришине уруксат берүү – Кансыз согуш убагында СССРге New York Times жана Washington Post гезиттерин, ошондой эле үлкөн теле-радио түйүндөрүн сатып алууга уруксат берген менен барабар.
АКШнын Конгрессинин ноябрдагы угууларында ФБР директору Крис Рэй TikTokтун коркунучтары тууралуу айтып, Пекин тарабынан TikTokтун америкалык колдонуучуларына карата таасиринен пайдалануу же алардын электрондук жабдыктарына көзөмөлдүк жүргүзүү тобокелдиги барлыгын белгилеген. Айтмакчы, АКШнын айрым штаттары өз кызматкерлеринин компьютерлеринде жана телефондорунда TikTokту колдонууга тыюу салышкан.
Эскрете кетсек, 2020-жылы Дональд Трамптын администрациясы АКШнын жаңы колдонуучуларына TikTokту жүктөп алуусуна тыюу салууга, башка да транзакцияларды тыюуга аракет кылган.