Ош облусундагы эң чоң чөлкөмдөрдүн бири – Өзгөн району. Аймактагы 26359 пенсионерди тейлөө бара-бара санариптештирилип, бул заманбап ыкма мурдагы түйшүктү алдаганча жеңилдетип, ыкчам пенсия чегерүүнү жана аны кайрадан туура эсептөөнү жакшыртты. Ошондой эле аталган мекеме жаңы имаратка ээ болуу алдында турат. Ушулар тууралуу Өзгөн райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетекчиси Абдырахман ЖОЛДОШАЛИЕВден сураштырдык.
-Абдырахман мырза, сиз жетектеген башкармалык Өзгөн районун эле тейлейби? А Өзгөн шаарынын пенсионерлери зарыкканда кай жакка кайрылышат?
-Биздин башкармалык Өзгөн районун жана Өзгөн шаарын бирдей эле шартта тейлейт. Кызматкерлерибиздин саны дагы ошого ылайык бекитилген.
-Акыркы мезгилде ардагерлердин саны арбыдыбы, же уламдан улам азайып баратабы?
-Ай сайын көбөйүп гана баратат. Маселен, ушул күнгө карата Өзгөн районунда жана Өзгөн шаарында 26359 пенсионер биздин каттообузда турат.
-Буларга ай сайын өлкөбүздүн бюджетинен канча сом сарпталат?
-Пенсионерлерибизге төлөмдөр ай сайын эле өзгөрүлүп турат. Мисалы, үстүбүзүдөгү жылдын төрт айында 26359 пенсионерге 566 миллион 985 миң 551 сом таратылды. Банк аркылуу 15549 карыябызга 329 миллион 994 миң 317 сом которулду. Муну өздөрүнүн чөнтөк карточкалары (чектери) менен гана алышты. Мындан тышкары, 10185 пенсионерибизге жер-жерлердеги почта түйүндөрү аркылуу 57 миллион 307 миң 680 сом таратылды.
—Пенсия төлөмдөрү неге заман талабына жараша эмдигиче санариптештириле элек?
-Жашырып не, бул багытта дагы эле иштер жүрүп жатат. Санариптештирүү биздин кызматкерлерибиздин пенсионерлерди тейлөө түйшүгүн кыйла эле жеңилдетти. Карыяларыбыздын дээрлик 61 пайызы чөнтөк карточкаларына (чектерге) ээ. Буларды жыл акырына дейре 70-80 пайыз дал ушул ыкмага өткөрүү аракетибиз абдан күч. Бул, биринчиден, тейлөө маданиятын жана сапатын ого бетер жакшыртты. Экинчиден, пенсия алуудагы жемкорлукту дээрлик тыйды. Үчүнчүдөн, пенсионерлердин биздин кызматкерлерибизге карата нааразычылыктарына мыйзам чегинде чекит койду.
—Адам баласы баары бир эбин табат эмеспи. Жосунсуз жоруктарга азгырылып, карыяларыбыздын ырыскысын кесип, убалына калгандар араңыздарда дагы эле бардыр?
-Биздин башкармалыкта ушул тапта ар тараптуу көзөмөл абдан күч. Ошондуктан, мындайда шылуундукка салып, пенсия көлөмүн азайтып, же көбөйтүү дегеле мүмкүн эмес.
—Абдырахман мырза, байкашыбызча, өткөн кылымда курулган эң эски ираматта дагы эле кантип иштеп жатасыздар?
-Абдан туура баамдапсыз. Биздин мобул имаратыбыз өткөн кылымга таандык. Эбак эскилиги жеткен. Көрдүңүздөр го, чекесинен кулап-көчүп жатат. Ошентсе дагы, биз чыдап, моминтип эптештирип эле иштеп келатабыз. Республикалык Социалдык фонд Өзгөн райондук социалдык фонд башкармалыгына жакын арада жапжаңы имарат тартуулаганы турат. Анын курулушу ушул тапта абдан кызуу жүрүп жаткан чагы. Болочокку кеңсебиздин жалпы сметалык наркы 14 миллион 400 миң 328 сом. Тендерде уткан “ГрузоТрейд” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧКсы) муну 11 миллион 519 миң 662 сомго бүткөрүү аракетинде. Буюрса, жакын арада шарты заманбап, ичинде бардык техникалык акыркы муундагы каражаттар менен камсыз этилген жапжаңы кеңсеге баарыбыз тең көчүп жайгашмакчыбыз.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.