Ноокат районунда жайланышкан Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгында ушул тапта иш абдан кычаган маалы. Анткени, чөлкөмдө акыркы күндөрдө жамгыр челектеп төгүп, ага улай мөндүр дагы катуу нөшөрлөп, мунун кесепетинен дарыялар алмак-салмак ташкындап, сел коркунучу ого бетер күчөдү. Мындайда суу агымын секин тизгиндеп, бир нукка салуу абдан чоң азапка айланып олтурат. Ошол эле кезде суу сактагычтын кызматкерлери мында бир тооп кыйынчылыктар, жетишпестиктер бар экенин айтышат.
Суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын жетекчиси Индижан Галбаев
бул ирригациялык субъект Араван районунун Төө-Моюн анклавын, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел-Карагач, Көк-Жар, Он-Эки-Бел, Төөлөс айыл өкмөттөрүн сугат суу менен толук кандуу жана туруктуу камсыздап келатканын билдирди.
Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгынын суу пайдалануучулар бөлүмүнүн башчысы Абдылаким Абсаитов болсо, дыйкандардын эмгегинин үзүрү суу сактагычтын кызматкерлеринин аракетинен да көз каранды экенин айтып, учурда тынымсыз иш болуп жатканын айтат.
-Ушул күндөрдө күнү тыным, түнү уйку көрбөстөн иштеп жатабыз. Анткени, биз тейлеген Араван жана Ноокат райондорунун дыйкандары жана жергиликтүү тургундары дал бүгүн сугат сууга чаңкап турушкан маалы, — дейт ал. — Булардын күнүмдүк муктаждыктарын бүгүн сөзсүз чечип, аларды жетиштүү көлөмдөгү суу менен үзгүлтүксүз камсыздабасак, албетте, мол түшүмдөн куржалак калабыз. А мунун кесепетинен күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк ашкере кымбаттап, өрөөнүбүздө экономикалык каатчылык жаралат. Демек, зарылчылыкка жараша баарыбыз тең эриш-аркак иштешип келатабыз.
Суу сактагыч жана каналдар тобу башкармалыгынын техникалык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Аданбек Мадумаровдун пикиринде, кызматкерлер жетиштүү, бирок алар колдоого муктаж болуп келишет.
-Биздин аймак жаратылыш катаклизмдеринин (сел, суу ташкыны, жер көчкү) тилкесинде жайланышкан. Ошондуктан, биз карманган графикти бузуп, көбүнесе күнү-түнү кирпик ирмебестен иштейбиз. Адистерибиз, бактыга жараша, жетиштүү. Маяна аздыгына карабастан, патриоттук кылып жана эптеп чыдап гана иштеп жатышат. Ошентсе дагы, буларды жыл сайын аттестациялап, кесиптик сыноодон такай өткөрүп турабыз, — дейт ал.
Ал эми суу сактагыч жана каналдар тобу башкармалыгынын башкы инженери Бектемир Бегишов техникалар эскиргендиктен бул багытта өкмөттүн жардамы керектигин жашырбайт.
-Бул жердеги биз пайдаланып жаткан техникаларыбыз эбак эскирген. Элибиз айтат эмеспи “Эскини эптегиче, эсиң кетет” деп. Айла жок, булардын баарын дале эптеп оңдоп-түздөп иштетип жатабыз. Ушул тапта заманбап экскватор, КАМАЗ, портерлерге аябай эле муктажбыз. Кыргыз өкмөтү Найман суу сактагычы жана каналдар тобу башкармалыгына ушул жагынан дадил каралашса, куп гана соопко калаар эле…, — дейт зарылдыктан улам.
Сук сактагыч жана каналдар тобу башкармалыгынын кызматкерлери канчалык аракет жасап, тынымсыз иш алып барышса деле эл ичинде өйдө-төмөн кептер айтылып келатыптыр. Андай аңыз кептердин чындыкка дал келбестигин башкармалыктын жетекчиси И. Галбаев тактап кетти.
-Биздин кызматкерлер кыйынчылыктарга карабастан ак иштеп жатышат. Ошого карабастан айрымдары бизди сууну сатышат деген ойдо экен. А чынында биз сууну эч кимге сатпайбыз. Тескерисинче, керек маалда дыйкандарды жана жергиликтүү тургундарды зарыл өлчөмдөгү сугат суу менен тынымсыз камсыз этип келатабыз. Анан да бизге бөлүнгөн каражаттарды өз орду менен иштетип келебиз. Былтыр Кыргыз өкмөтү ишканабызга 7 миллион 556 миң сом акча ажыраткан. Мунун 4 миллион 986 миң сомун маянага максатуу жумшадык, 746 миң 700 сомду соцфондго чегердик, 462 миң сомду башкармалыктын абдан зарыл керектөөсүнө жумшадык. Дагы 103 миң 600 сомду электр энергиясына төлөдүк. Ар бир тыйыныбыз эсептелүү. Ошондуктан, аз каражатты сарамжалдуу сарптаганга гана бекем ыктадык. Биздин мындан башка айлабыз жок, — дейт ал.
Эскерте кетсек, Ноокат районунда жайланышкан Алишер Сатыбалдиев атындагы Найман суу сактагычы тээ Союз маалында 1966-жылы курулган. Ошондо Араван районуна караштуу Төө-Моюн жергеси накта чөл эле. Бул аймакка адамдарды көчүрүп жайланыштырып, жаңы өздөштүрүлүп жаткан өрөөндү андан ары ырааттуу өнүктүрүү максатында аталган суу сактагычты курушкан. Кийинчерээк бул суу сактагычка Төө-Моюн, Кыргыз-Ата, Апшыр жана Жер каналдары дагы өзүнчө топ катары бириктирилген.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.