Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолугушту.
Жолугушуу маалында Кыргызстандын Ак-Сай, Тажикстандын Ворух айылында жарандардын кармалышы боюнча орун алган окуя тууралуу сүйлөшүштү. Жыйынтыгында кыргыз жарандарын сабаган Тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу жагы макулдашылды. Ошондой эле чегаралаш аймакта буга чейин орун алган окуялардын кайталануусуна мындан ары жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу жагы катуу сүйлөшүлдү. Чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында Баткен жана Согдий облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте чек арада жума сайын жолугушуу жагы макулдашылды.
Ошентип, Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки кыштакка кирип-чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен бекети коюлду. Ошондой эле чек аранын кооптуу тилкелеринде эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу дагы түзүлдү.
Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 24:00гө чейин уланып, ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дагы катышты. Андан ары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Ак-Сай айылынын эли менен дагы жолугуп, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүздү. Ушул тапта Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.