Бишкек, Ош жана Токмок шаардык Кеңештерин кайра шайлоо үчүн 100-200 миллион сом сарпталат. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чыгымдардын көбү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айлыгына багытталат. Буга чейин белгилүү болгондой, шайлоолордогу көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу, аталган үч шаарда добуш берүүнүн жыйынтыгы биротоло жокко чыгарылды. Бир ай ичинде Президент кайра шайлоонун күнүн бекитиши абзел.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өткөрүлүп, 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттары шайланышты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.