Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, анын орун басары Ахмаджан Махаммадов Кара-Суу районуна караштуу Ачы жана Араван районундагы Кең-Сай массивдери менен жеринде таанышышты.
Адегенде Ош облусунун башчысы тиешелүү кызматтарга кайрылып, жер тилкелери жерге муктаж гана жарандарга берилиши керектигин абдан катуу эскертти.
— Ачы менен Кең-Сайда жер тилкесин кимдер алгандардын тизмесин мага сөзсүз бергилечи? Менин оюмча, чыныгы жерге муктаждардын 60-70 пайызы гана бул жерлерден жер тилкесин алышкан. А калгандары башка аймактардан келишип, силер алардын акчасын алып эле жер тилкесин ченеп бергениңер. Буларды чекесинен текшерсең, айылда дагы жери жана үйү сөзсүз бар болуп чыгат. Жер тилкеси, чындыгында, жери жок, же үйү жок жарандарга гана берилиши кажет!, – деди Жарасул Абдураимов.
Мындан тышкары, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов Ачы массивине суу жана электр энергиясын тартуу абдан эле кыйынга тураарын да жашырган жок. Ал эми Кең-Сай массивинде көп кабаттуу үйлөрдү курууга баардык шарттар бар экендигинге кеңири токтолуп, ушул тапта абройлуу курулуш компаниялары жана эл аралык мыкты фонддор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.