Эми Ташкент шаарына Кытайдан 500 электромобиль алып келишет жана алар калкка такси кызматын көрсөтүшөт. Бул тууралуу Өзбекстандын баш калаасынын акимчилигине шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, экологиялык таза электромобилдердин аккумуляторунун бир жолку чыңалуусу 450 чакырым аралыкты басып өткөнгө жететрлик. Эгер аны акчага которсо, анда басып өткөн ар бир чакырымга 50-60 сум (1000 сум – 0,75 сомго барабар) каражат кетет. Ал эми Ташкентке эки түрдүү унаалар — кроссовер менен седан келери анык, алардын баасы 19 миңден 25 миң долларга чейин турат.
Буга чейин кытайлык бир компания “Коканд” эркин экономикалык аймагында электрмобилдерди жыйноочу ишкана ачууну пландаган. Бул долбоордун наркы 30 миллион доллар туруп, Кытай тараптын Silk Road Company компаниясы менен чогуу ишке ашырылат. Ал эми конвейерден биринчи унаа 2021-жылы чыгышы күтүлүп, жылына эки миң унаа жыйноо мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир унаанын баасы 3 миң доллар деп эсептелип, аккумуляторунун бир жолку чыңалуусу 150 чакырымга жететрлиги айтылат.