Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги жакын арада пиаздын базар баасы арзандап кетерин билдирип, буга карата шашылыш экспорттук чараларды көрүү керектигин эскертти. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Министрлик билдиргендей, 14-майга карата Өзбекстан боюнча 150 миң тонна экспорттук пиаз өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсе көп. Бир гана Сурхандарья областында 132 миң тонна пиаз сатууга даяр турат, бул ички рыноктун керектөөлөрүнөн 20 миң тоннага ашыкча. Анан калса, жакынкы күндөрү дагы 15 миң тонна пиаз сатууга даяр болору күтүлүп жатат.
Министрликтин маалыматы боюнча, азыр бир килограмм пиаздын наркы 1000 сум (1 АКШ доллары 10 миң 133,46 сумга барабар) турат, базарда анын баасы 1500 сумдан 500 сумга түшүп кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан тез аранын ичинде продукцияны экспорттоо боюнча ыкчам чараларды көрүү керек. Азыркы кездеги эсептөөлөр пиаздын бир килограммынын дүң баасы 500 сум экенин көрсөттү, бул продукциянын наркынан ашып түшөт.
Өткөн жылы Европадагы кургакчылыктын айынан өзбекстандык ишкерлер пиазды Польша, Германия, Украинага кымбат баада өткөрүүгө үлгүрүшкөн. Быйыл кандай болорун эми убакыт көрсөтөт.