Быйылкы биринчи чейректе өлкө боюнча алганда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмү 74,9 миллиард сомду түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Ал эми Кумтөр кениндеги өндүрүштү кошпогондо ички дүң продукция көлөмү 35,7 миллиард сомго барабар болуп, продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 95,7 пайызды түздү жана 4,3 пайызга төмөн болду. Буга өлкөдө нефть продуктыларын өндүрүү 56,7 пайызга, резина жана платмасса буюмдарын чыгаруу 14,3 пайызга, жыгач жана кагаз буюмдарын чыгаруу 6,8 пайызга, электр кубаты, газ жана буу менен камсыз кылуу 8,7 пайызга кыскарып кетиши себеп болду. Көрүнүп тургандай, нефть продуктыларын өндүрүү көлөмүнүн кыскарып кетиши арбын.
Ички дүң продукцияны түзүүдөгү өнөр жай өндүрүш тармагынын үлүшү 0,25 пайыз деп бааланды. Ал эми ички дүң продукцияны өндүрүү структурасы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн салымы 25,4 пайызга жетти.
Электр кубаты, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуунун жалпы өндүрүш көлөмүндөгү үлүшү 17,5 пайызды түзүп, биринчи чейректеги өндүрүш көлөмү 13,1 миллиард сомго жетти. Бул электр кубатын өндүрүү жана бөлүштүрүү тармагындагы 8,7 пайыз артка кетүүнүн натыйжасында 11,3 пайызга кыскарды.