Самарканд шаарында мейманкана курган ишкерге мамлекет 430 миң долларлык компенсациянын сертификатын тапшырды. Бул сертификат мамлекет тарабынан колдоо иретинде берилген биринчи жардам эле. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Туристтер көп каттаган тарыхый Самарканд шаарына Grand Hotel Sogdiana мейманканасын курган ишкер мамлекеттен биринчи болуп 4 080 000 000 сум өлчөмүндө компенсация алды. Бул меймканкана 102 бөлмөдөн турат жана 204 мейманга ылайыкташкан. Ага “үч жылдыз” категориясы ыйгарылып, жакшы баага татыган.
Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү “”Мейманкана чарбасынын ишмердигин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн чаралары жөнүндө” токтом кабыл алып, анда 50 бөлмөдөн кем эмес фондусу бар 3 жылдыздуу категориядагы жана 100 бөлмөлүү 4 жылдыздуу категориядагы мейманкана курган инвесторлорго мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүү каралган эле.
Эске сала кетсек, мейманканалар 2022-жылдын 1-январына чейин курулуп бүтүшү керек.