Бириккен Улуттар Уюму адамзатка кайрылуу жасап, эгер өтө эле зарылдык болбосо, жаңы жинсы кийимдерин сатып албоого чакырды. Бул тууралуу интернет айдыңында ар кайсы сайттар кабарлашты.
БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасынын эсеби боюнча бир жуп жинсы кийимин өндүрүүгө дээрлик төрт миң литр суу талап кылынат. Мында пахтаны өндүрүү, жыйып алуу, ташуу жана сууга жууп-чайкоо иштерине кеткен чыгымдар эсепке алынган. Анын зыяны 33,4 килограмм көмүртек же 111 чакырымга жасалган автожарыш табиятка келтирген зыянына барабар.
БУУнун экологдору керектөөчүлөргө кийим-кечени азыраак сатып алууга кеңеш беришет. Алардын айтымында, кийим сатып алууда ал көпкө чыдашы үчүн материалдын бышыктыгына маани бериш керек. Ошондой эле кийилген кийим-кечени сатып алууну, эскирген кийимди атайын эски кийим сатчу жайларга тапшырууну же башка бирөөлөргө берүүнү сунушташат. Анан калса, кийимди этияттап кийип, азыраак жууш керектигин, жууганда порошоктордун (самын улпактардын) ордуна концентрациялык суюктуктарды пайдаланууну да эске салышат. Себеби самын улпактар жип-шуулардын сапатына өтө зыян.
Ошентип, БУУнун экологдору адамзатты керектөөчүлүктө сарамжал болууга чакырышууда.