“Ас-Салам” фонду Ноокен районунда 80 турак жай, аларга жанаша мектеп, бала бакча, тигүү цехи, устакана, мечит, хужурасы менен кошо куруп жатат.
Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана “Ас-Салам” фондунун түштүк региону боюнча координатору Эмилбек Исаковдун катышуусунда курулуш пайдубалына капсула салынды. Ага жергиликтүү тургундар жана район жетекчилиги катышты. Аталган фонд Кыргызстанда бир нече жылдардан бери жакырларга жана жетим-жесирлерге акысыз турак-үй куруп берип, башка да кайрымдуулук иштерин жасап келет. Бул жолку ири курулуш Ноокен районунун Масы айыл аймагында башталды. Ал үчүн жергиликтүү бийлик 8 жарым гектар жер аянтын бөлүп берген. Тандалып алынган бул аймакта буга чейин мектеп да, бала бакча да болгон эмес.
“Ас-Салам” фондунун өкүлү Э.Исаков үйлөрдү бир жылда куруп бүтүүнү ниет кылышкандыгын билдирип, жергиликтүү бийликтен документ иштерин тезирээк бүткөрүп берүүсүн суранды. “Сиздерден эч нерсе кетпейт, эмеректерин, кызыл китебинен бери даяр кылып, колуңарга ачкычын тапшырабыз, кирип эле жашай бересиңер. Болгону бир эле шартыбыз бар — жакыр, жетим-жесирлер жашасын” -дейт Исаков.
Ал эми Өкмөт өкүлү Кыянбек Сатылбалдиев курулуш иштерине жакындан жардам көргөзүлөрүн билдирди.
-Сугат жерлерге мораторий киргизилгендиктен мыйзам чегинде кайракы жер тандап бердик. Биз тараптан электр энергиясы, суу жеткирүү жана документ иштери бүткөрүлөт. Аталган маселелер дээрлик чечилген. Бир жылда куруп бүткөрөбүз деп жатышат. Биз эмне жардам керек болсо өз учурунда көрсөтүп колдоп турабыз.
Эске сала кетсек, Масы айыл аймагында 26 миң калк жашайт, алардын 20 пайызы жакырлар болуп эсептелет.