www.versia.kg
Понедельник, Ноябрь 16, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

БИР БАЛА БАГЫП АЛСА, АЙЫНА 5 МИҢ СОМ ТӨЛӨНӨТ

12.01.2021
0 0
0
SHARES
1.7k
Просмотры
Бөлүшүү

Фостердик үй-бүлө деген эмне? Жалпак тил менен айтканда, убактылуу ата-эне статусун алуучулар. Эмгек жана социалдык өнктүрүү министрлиги фостердик үй-бүлөлөрду көбөйтүү аракетинде. Кароосуз калган балдарды убактылуу багып беребиз деген үй-бүлөлөр алгач окуудан өтүп, сертификат алышы керек.

Жалал-Абад шаарында эми гана 2 үй-бүлө сертификат алууга жетишти. Ал эми Базар-Коргон районунда 6 үй-бүлө алда качан сертификат алышкан, бирок аларга багууга берилүүчү балдар район аймагында жок болууда.

-Кароосуз калган балдарды биз балдар үйлөрүнө берип жатпайбызбы. Бирок, ал жерде балдар “отур, тур, жат” деген түшүнүктөр менен гана чоңоюп калат. Жөнөкөй эле үй жумуштары, огород кылуу, помидор, картошка кантип өсөт  жана башка ушул сыяктуу нерселерди билбей калышы мүмкүн. Коомубузда болуп жаткан терс көрүнүштөр аракечтик, түнкү көпөлөктөр, кылмыштуулук булардын баары турмуштук оор кырдаалга кириптер болгондор тарабынан жасалып жатат.  Мына ушулар үй-бүлөдөгү мээримдин, тарбиянын жетишсиздигинен келип чыгып жатпайбы. Ошондуктан да кароосуз калган балдарга фостердик үй-бүлө абдан керек, — дейт Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Назира Жакыпова.

Фостердик үй-бүлө — кароосуз калган наристе, өспүрүмдөрдү убактылуу асырап берет. Алар жетим балдарды, ата-энеси соттолуп же дайынсыз жоголуп кеткендердин, ден соолугу начар болгондуктан өздөрүн карай албаган адамдардын чүрпөлөрүн да камкордукка алат. Ошондой эле ата-энеси көп убакытка чет өлкөгө мигрант болуп иштеп кеткен ата-энелердин да балдарын карайт. Бирок, толугу менен асырап албайт, мамлекет менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин эле бага алат.

Багылган ар бир бала үчүн мамлекеттен айына 5 миң сомдон төлөнөт. Бир үй-бүлө 3төн 5ке чейин бала багып алса болот.

Убактылуу ата-эне статусун алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

— арыз;

— жубайлардын паспортунун көчүрмөсү;

— никеге тургандыгы тууралуу күбөлүк;

— жубайынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу (эгер никеде турса);

— жашаган жеринен үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;

— жашаган жеринен, үй китепчесинен көчүрмө же турак жайга укугун ырастоочу документ;

— соттолбогондугу тууралуу ички иштер органдарынын маалымкаты;

— баланы алууну каалаган адамдын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу жөнүндө маалымкат;

— өкмөт тарабынан аныкталган тизмеге ылайык, оорулардын жоктугу жөнүндө медициналык корутунду;

— иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө;

— арыз ээлеринин толук өмүр баяны;

— аз дегенде үч кишиден кепилдик берилген жазуу жүзүндөгү сунуштар.

Убактылуу ата-эне статусун алам дегендер жер-жерлердеги эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылса болот.

Эске сала кетсек, балдар кароого алынгандан кийин социалдык кызматкерлер тарабынан жашоо-шарты ай сайын текшерилип турат. Ал эми баланы биротоло багып алам десе, анда мамлекет тарабынан маяна төлөнбөйт жана бала үй-бүлөгө толук көнүп кеткенден кийин социалдык кызматкерлер барып текшербейт, сырттан гана көзөмөлдөп турушат.

All these attributes are included in the he has a good point internet resources.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАДДА КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ КИМ КОРГОП ЖАТАТ?

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТЕ КАЙРАДАН САЯСИЙ ОЮН БАШТАЛДЫ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАДДЫН АРКАСЫ 7 МИЛЛИОНГО КАНТИП ЖАҢЫРТЫЛДЫ? МУРДАГЫ ЖАНА КИЙИНКИ СҮРӨТТӨРҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТЕ КАЙРАДАН САЯСИЙ ОЮН БАШТАЛДЫ

www.versia.kg

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In