Жалал-Абад шаарынын “Спутник” кичи районунда жана СМУ шаарчасында ири эс алуу багы жок. Ошондой эле шаар четиндеги өндүрүштүк зонада бир жарым миңдей түтүн эл жашайт. Мына ошондуктан да бул аймактагы экопаркты көктөндүрүп, шаардыктарга эс алуучу жай кылып берүү аракети бир топ жылдардан бери ишке ашпай келет. Бул тууралуу экопарктын жетекчиси Сабырбек Маматалиев билдирди.
Экопаркка жыл сайын жазында Жашылдандыруу чарбасынан көчөттөр берилип, ашар жолу менен эгилип келет. Мисалы, мурдагы жылы өрт өчүрүү кызматкерлери менен журналисттер көчөттөрдү отургузушса, быйылкы жылы Жалал-Абад шаарынын вице-мэри баш болгон жамаат атайын массалык маалымат каражаттарынын коштоосунда ири ишембилик уюштуруп, көчөт тигишкен. Жакшы саамалык деп жалпыга маалымдоо каражаттарынан жар салынганы менен андагы жана мурдагы жылы эгилген көчөттөр, 2008-жылдан бери өсүп калган арчалар июль айында өрттөнүп кеткен.
Экопарк мэрияга караштуу жерде болгону менен 2008-жылы 49 жылга ижарага берилген. Ижарачылар аталган жайды кароосуз таштап койгонуна бир канча жылдар болууда. Ошондуктан жумушчулар кетип, эки адам гана эч жактан айлык албай кароолчулук кылып, карап отурушат. Ири ишембиликтер менен эгилген көчөттөр анчейин көктөбөй жатканынын дагы бир себеби ушул деп айтууга болот.
Жетекчи Сабырбек Маматалиевдин айтымында, паркта бир суу кудугу бар. Эгерде бир ай толук иштесе, 18 миң сом каражат сарпталат. Ошондо көчөттөргө кууратпай суу жеткирип туруу үчүн айына 12 миң сомдон 14 миң сомго чейинки каражат керек. Азыр алардын “Жалал-Абадсууканал” башкармасынан жана электр ишканасынан карызы бар. Ижарачылар карабай таштап койгону тууралуу жогоруда сөз кылганбыз.
Быйыл экопаркта 28 түп арча, 380 түп каштан, 16 түп кара жыгач, көчөттөр өрттөнүп кеткен. Өрткө каршы күрөшүү кызматы көчөттөрдүн баасын эсептеп, 78 миң сом чыгым болду деп тыянак чыгарган. Бирок мындай өрт биринчи жолу болуп жаткан жок.
Өрттөн арчалар күйүп, дүмүрчөгү гана калса, көчөттөрдөн чырпыктар гана калган.
Табиятка жасалган кайдыгер мамилени сүрөттөр далилдеп турат. Ижарачылар жерди ээн калтыргандан кийин эмне үчүн ижарага берүүчү тарап, тактап айтканда, шаар мэриясы аларга карата чара көрбөй жатканы белгисиз.
Шаардын бул аймагындагы элге экологиялык эс алуучу зона керек экендиги, анын жоктугунан жана өндүрүштөрдүн көбөйүп жаткандыгынан белгилүү. Бирок, экопарк кылып гулдөтөбүз деп жасалган аркеттерден майнап чыкпай жатат. Анткени жыл сайын эрте жазда бир күндүк көчөт эгүү иш-чарасы менен баары токтойт. Көчөттөрдүн кийинки тагдыры эч кимди кызыктырбай жаткандай.
Жалал-Абад шаарындагы жалгыз экопарктын абалы мына ушундай. Сыртында экопарк деп жазылганы менен андай аталышка татыктуубу же жокпу, аны учурдагы абалынан байкоого болот. Бул жайга көңүл бурулуп, көрктөндүрүү колго алынып, чыныгы экопарк пайда болобу же жокпу азырынча белгисиз.
Сүрөттөр
Роза АКМАТЖАН кызы,
журналист.