Жалал-Абад шаарында жеке ишкер шаар бийлигине жана Жашылдандыруу чарбасына нааразылыгын билдирип, өзүнүн бизнесине келтирген тоскоолдуктар жөнүндө айтып чыкты. Жеке ишкер жаралган кырдаалды фейсбук баракчасы аркылуу коомчулукка жарыялап, бардык тиешелүү тармактардан жана юристтерден жардам сурап кайрылган.
Эрзат Шадибеков алгачкы билдирүүсүн быйыл 17-сентябрь күнү жарыялаган. Анда курулуш материалдарын сатуучу дүкөнүнүн алдындагы жолду тосуп,Жашылдандыруу чарбасы тарабынан көчөттөр эгилгендигин айткан. Дүкөндөгү даярдоочу курулуш иштери бир аз токтоп турган кезде анын алдына шаардык Жашылдандыруу чарбасы 4 түп павлония көчөтүн отургузуп кеткен. Жеке ишкер жарыялаган видеодо дүкөндүн алдында тротуар жок экендигин көрүүгө болот. Мындан улам көпчүлүгү архитектуранын, шаардын генпланынын жоктугун сындап комментарий жазышкан. Анткени тротуар жолдун бир тарабында гана каралып, экинчи тарабында каралган эмес.
Эки күн өтүп, 19-сентябрь күнү мэрияга жана Жашылдандыруу чарбасына кат түрүндө кайрылган видеосун жүктөгөн. Анда жашылдандыруу чарбасы ар бир көчөттү 550 сомдон сатып алгандыгы белгилүү болгон. Эрзат Шадибеков комментарий-талкууда “Биз бул көчөттөрдү жулуп салсак деле болмок, бирок биз мыйзамды сыйлайбыз, өзүбүз алып койгонго 1000 сом штраф экен” деп билдирүүлөрүн калтырган. Андан кийин жашылдандыруу чарбасы 2 күндө барып көчөттөрдү алабыз деген жоопту бергендигин айтып, сүйүнүчүн да тең бөлүшкөн.
Бирок, иш жүзүндө андай болгон жок. Жеке ишкер 6-октябрь күнү фейсбук баракчасына “Кат менен кайрылганыбызга 2 күндүн ичинде алынат дегендерине 18 күн болду. Сураныч иштейличи, аракет жасайлычы, бир туугандарыбызды Россияга кетирбей ушул жерде эле иш менен камсыздайлы. Төккөн салыгыбыз мамлекетке эле пайда го” деп жазып чыкты.
Билдирүүгө шаар мэриясынын алдындагы маалымат борборунун жетекчиси Азамат Жээнбеков “Сиз айткан маселе менен таанышып чыктык. Бул боюнча түзүлгөн комиссия атайын жеринен текшерет. Архитектура башкармалыгы тарабынан курулушка уруксат берилбеген, андыктан комиссия текшерип чыгып, баасын берет” деп жооп калтырган.
Ал эми жеке ишкер Э. Шадибеков менен байланышканыбызда ал төмөндөгүлөргө токтолду.
-Бизге башында көчөттөр 5 миң 500 сом турат деген жайы бар эле, кийин 550 сом, адашып айтылыптыр деп оңдошту. Жумушчулар менен сүйлөшүп койдук эле, бир гана ушул көйгөйдөн ишибизди баштай албай жүрөбүз. Маселе келип чыкканда эле мэрияга, Жашылдандыруу чарбасына, архитектура башкармалыгына кайрылганбыз, ушул кезге чейин реакция жок.
Эми көчөттөр алынабы же дүкөн жабылабы, ал жагы белгисиз, жада калса тиешелүү кызматтар качан реакция жасаары да белгисиз. Кошумчалай кетчү жагдай, Жалал-Абад шаардык жашылдандыруу чарбасына буга чейин да ар түбүн 320 сомдон алган арча көчөттөрү куурап калганы жана башка иштери боюнча да сын-пикирлер көп айтылып келген.
Роза АКМАТЖАН кызы .