Өзбекстанда көмүскө экономиканын өсүп кетишине негизинен салык түрлөрүнүн, ар кандай жыйымдардын жана чегерүүлөрдүн көптүгү, алардын өлчөмүнүн чоңдугу, ошондой эле ишканаларда зарыл өлчөмдөгү каражаттардын жетишпестиги, акча каражаттарын чегерүү, төлөмдөр боюнча банктар менен болгон көйгөйлөр, накталай акчаларды алуу, банктык тейлөө сапаты, насыялардын үстөгүнүн жогору экени себеп болуп жатат. Бул тууралууPodrobno.uz маалымат агенттиги жазып чыкты.
Мындайча баа БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Өзбекстандын экономика жана өнөр жай министрлиги жана Борбордук банкы биргелешип өткөргөн тегерек столдо айтылган. Ал иш-чара ПРООНдун өлкөдөгү экономика секторунда көмүскө экономиканын көлөмүнө баа берүү боюнча алып барган иликтөөсүнүн жыйынтыктарын талкуулоого арналып, ал иликтөө өлкө боюнча 700 ишкана менен 30 ишкердин ишмердигин камтыган.
Тегерек столдо ишкерлерде зарыл билимдердин жана тажрыйбанын жетишпестиги, атаандаштыктын жоктугу, өндүрүштүк инфраструктуранын жакшы өнүкпөгөнү, бизнести уюштуруудагы жана алып баруудагы бюрократия, коррупция жана менчикке укуктардын корголбогондугу да көмүскө экономикага таасир берип жатканы белгиленди.
Эске сала кетсек, Дүйнөлүк банктын маалыматында ар кайсы өлкөлөрдөгү көмүскө экономиканын орточо көлөмү ички дүң продукциянын 17,2 пайызына барабар деп айтылат, бирок ар кайсы өлкөдө анын көлөмү ар башка. Мисалы, Швейцарияда анын көлөмү эң эле төмөн деп эсептелип, 8,6 пайызга, Кытайда – 12,9 пайызга, Россияда 43,6 пайызга барабар. Көмүскө экономиканын көлөмү эң көп делген Боливияда ал ички дүң продукциянын 66,4 пайызына туура келет.