Кыргыз тилинде туура жазганды гана эмес, туура сүйлөгөндү да билбей калдык. Анан калса, мындай терс көрүнүш интернетте гана эмес, телевидение аркылуу да жайылтылып жатышы өтө өкүнүчтүү. Мунун баары кыргыз тили мамлекеттик макам алганынын 30 жылдыгына арналып жаткан жокпу? Буга бир жакшы мисал келтиргим келет.
“Ыргыткан топ жокко чыга алды”
НТС-Спорт каналынан ар кайсы спорттук мелдештерди көрүп калам. Кээде волейбол, баскетбол боюнча кызыктуу оюндарды көрсөтүшөт, кызыктуу оюндарга ыраазы болосуң. Бирок, менин бул каналган болгон кызыгуумду андагы бир комментатор бузуп жаткансыйт, анын үнүн угарым менен башка каналдарга кетүүгө аргасыз болом. Себеби ал кыргыз тилин бузуп жатканы менен мага жагымсыз.
Баскетбол оюну көрсөтүлүп калды, комментатор безилдеп сүйлөп атат. “Тыныгуудан чыккан оюнчу оюнга кошула алды” – деп айтып салды. А чынында тыныгууга чыккан оюнчу кайра оюнга кошулган болчу. Менде “Ал кантип кошула алды?”, “Ага эмне тоскоол болуп жаткан эле?”, “Эмнеге жөн эле барып кошулган жок?” деген суроолор пайда болду. Таптакыр туура эмес сүйлөдү.
Андан аркы баяндары ого бетер таң калтырды. Оюнчу топту шакекчеге ыргытты эле, ал ашакекчеге таамай түшпөй калды. Комментатор аны “Шакекчеге топту ыргытуу таамай эмес орундалды” деди. А мен “Сенин сүйлөгөндөрүң кыргыз тилинде туура эмес орундалды” дегим келди. Жөн гана “Оюнчу топтуу таамай ыргыта албады”, “Топ шакекчеге таамай түшпөдү” деп гана койсо болот. Дегеле мындай башаламан сөз айкаштарын мурда уккан эмес экем, таң калдым…
Ал эле эмес, комментатордун “Шакекчеге топту ыргытуу таамай боло алды” дегени мени биротоло тең салмактан чыгаргансыды. Кантип? Демек, ыргытуу процесси өз алдынча аракет кылып, таамай же таамай эмес боло алат экен. Эгер жөө күлүк марага эрте келсе, биз “Чуркоо ийгиликтүү боло алды” дешибиз керек экен да. Таң калыштуу… Балким, оюнчу топту шакекчеге таамай ыргыткандыр? Ошентип эле айтсак жөндүү болор.
Комментатор аны менен эле чектелип калса кана эле… Кыргыз тилинин шору бар экен го, андан ары ого бетер күчөтүп атпайбы. Оюнчу ыргыткан топ башка оюнчуга жетсе, комментатор “Топ жетип бара алды” деп күйдүрдү. Ошентип, топ оюнчунун колунан өз алдынча чыгып, башка оюнчуга жетип бара алган экен. Мунун баары топтун өз алдынча аракетинен болуптур. Баракелде десе! Жөн эле “Оюнчунун ыргыткан тобу баланча оюнчуга жетти” десе болбойт беле? Же “Топ жетип барды” десе болбойт беле? Жок, ал сөзсүз “жетип бара алышы” керек экен…
Дагы бир эпизоддо оюнчу топту кайсы бир багытка ыргытса, комментатор “Топту ыргытуусу орун алды” деп айтты. Аны “орун алдырбай” эле “Топту ыргытты” десек болбойт беле? Деги кыргыз минтип сүйлөчү эмес, эмне болуп баратабыз? Эми мындан кийин “баланчанын ыргытуусу орун алды”, “түкүнчөнүн тамактанышы орун алды”, “менин телевизор көрүшүм орун алды” деп сүйлөп калабызбы?
Оюн жүрүп жатат, оюнчулар шакекчеге топту ыргытып, ага таамай түшүрүүгө далалат кылышууда. Анан бирөөсү ыргыткан топ шакекчеге түшпөй калды. Комментатор баякы калыбынан жазбай “Таамай боло алган жок” деп салбадыбы. Ал оюнчу тууралуу эмес, топ тууралуу айтып жатат. Топ таамай боло албаптыр… Топтун милдети таамай болуу экен, мисалы мен топту ыргытсам, ал таамай барып түшүүгө милдеттүү экен. Азыркы топторго да кыйын го сыягы…
Оюнчу каршы ойноп жаткан оюнчулардан өтүп барып, топту шакекчеге салуу ниетин ишке ашыра албай калды. Эгер мен болсом “Оюнчунун аракети ишке ашпай калды”, же “Оюнчунун максаты оңунан чыкпай калды” деп айтмакмын. Бирок, биздин комментаторубуздун ою боюнча оюнчу жөн гана “Оңунан чыгара алган жок”. Калганын өзүңүз түшүнүп алыңыз.
Оюн болгон соң упайлар болот, оюнчу өз аракети менен упай алат, топтойт, көбөйтөт, ал турган нерсе. Эгер оюнчу шакекке топту таамай ыргытса, эки же үч упай алат. Командага эки же үч упай жазылат. Бул биздин оюбузча, биздин түшүнүктө жана тилде. Ал эми биздин комментатордун тилинде башкача экен, ал оюн учурунда “Эки упай орундалды” деп түшүндүрдү. Оюнчу шакекчеге топту таамай түшүрсө, эки упай орундалыптыр. Ошентип, оюнда упайлар орундалат экен, билип жүрүңүз.
Оюн жүрүп жатат, оюнчу алыс аралыктан шакекчеге топту ыргытты. Эгер топ шакекчеге түшсө, командага үч упай жазылмак, бирок каршы оюнчу топту шакекчеге түшүрбөй кармап калды. Муну ар кандайча айтып түшүндүрсө болот, мисалы “Үч упайлык ыргытуу ийгиликсиз болду”, же “Атаандаш оюнчу үч упайлык топту кармап калды” ж.б.у.с. Биздин комментатор таптакыр башкача айтты, “Үч упайлык ыргытууну жокко чыгара алды” деди. Маселен, “ыргытууну жокко чыгаруу” деген “ыргытууну болтурбай коюу” дегендикти түшүндүрөт. А чынында ыргытуу болду, аны эми эч ким жокко чыгара албайт.
Эгер оюнчу жакшы аракет жасап, шакекчеге топту таамай ыргытса, командага упай жазылат дедик. Бирок, упай өз алдынча аракет кылуучу нерсе эмес, ал зат атооч катары кыймыл-аракетке ээ эмес. Комментатор “Түкүнчө упай жазылып кала алды” деп упайдын жандуу аракетин айтып ит кылды. Демек, атаандаш оюнчулар канча аракет кылса да болбой упай өз аракети менен жазылып кала алыптыр. Мисалы, “Оюнчу тепкен топ дарбазага кире алды” деген сөз таптакыр эле маанисиз. Кантип эле топ өз алдынча дарбазага кире алат? Балким, тээп киргизди деген туура болор?
Дагы бир эпизоддо сонун позициядан эле оюнчу топту шакекчеге таамай ыргыта албай калды. Мындай учурлар оюнда көп болот. Биз “Оюнчу топту таамай ыргыта албады” деп айтабыз, себеби аракет ээси оюнчу болуп эсептелет. Бирок, биздин комментаторубуз теңирден тескери сүйлөп, “Таамай ыргытууну жокко чыгарды” деп салды. Оюнчу өзү ыргыткан топтун таамайлыгын кантип жокко чыгарат? Оюнчу топту ыргытып алып, аны кайра кантип жокко чыгарат? “Жок, мен ыргытпадым, эскепке алынбасын” дейби? Таптакыр түшүнүксүз.
Дагы бир оюнчу топту шакекчеге ыргытса, ал таамай түшпөдү, аракет ийгиликсиз болду. Биз “Оюнчунун ыргыткан тобу шакекчеге түшпөдү”, же “Таамай түшпөдү” деп эле айтабыз. Бирок, биздин комментатор антип айтпайт, ал “Ыргыткан тобу жокко чыга алды” деп айтат. Мына сага креативдүүлүк, талант! Оюнчу топту ыргытса, топ өз алдынча аракет жасап, жокко чыга алыптыр! Азыркы топтор да укмуш, ыргытсаң эле жокко чыгып кетишет.
Оюнчу топту шакекчеге ыргытып, шакекчеге түшүрө алса, биз “Оюнчу топту шакекчеге түшүрдү”, же “Таамай ыргытты” дейбиз. Комментатор антпей калсын, ал дароо эле “Ыргыткан тобу оңунан чыкты” деп салат. Карап отурабы! Топ оңунан чыкпайт да, кыргыз минтип сүйлөбөйт. Аракет, максат, ниет, тилек, каалоо оңунан чыгышы мүмкүн, топ эмес. Деги эмне эле болуп баратабыз?
Чала сабат тил адистери, журналисттер, чиновниктер, депутаттар аркылуу тил бузулуп, чакчелекей болуп баратат. Каталарды массалык маалымат каражаттары да, интернет да, расмий документтер аркылуу таркатып жатышат. Иш чатак.
Ким жыйынтык чыгарат?
Бул бир гана комментатордун мисалы, мындайлар аз эмес, тилекке каршы. Жазгандар да, теледен чыгып алып сүйлөгөндөр да ушинтип “дөөрүшөт”, көрүүчүлөр окуп жаткан титрлер да, интернет менен гезиттеги тексттер да соо эмес, грамматикалык да, стилдик да каталарга толтура. Тыныш белгилерин туура коюу – азыр өтө сейрек көрүнүшкө айланып баратат. Бир сөз менен айтканда, кыргыз тили коркунучта!
Быйыл мамлекеттик тилдин 30 жылдыгын белгилейбиз деп атабыз, чынында мамлекеттик тилдин корголушунун эмес, кордолушунун 30 жылдыгын белгилеш керек болуп калды. Жыл өткөн сайын абал жакшырбай, тескерисинче начарлап барат. Жыл сайын тилди өнүктүрүп, төш белги тагынгандар саны өсүүдө, ошол эле кезде ката жазгандар менен сүйлөгөндөр саны да өсүүдө. Мамлекеттик тил комиссиясы галстук тагынып, телевизорго чыкканды билет. Акча короп жатат, башка эч нерсе жок. Эмне деген мажирөөлүк?
Айталы, ошол эле тил комиссиясы интернетте жакшы бир сайт ачып, жазылып жана сүйлөнүп жаткан каталарды коомчулукка алып чыгып, сындап, талкуулап турса, бир аз болсо да тазарып, алга жылыш болуп калар эле деген ой бар. Ошол талкуудан, сындан кийин каталарды оңдоо аракети да болуп калар эле деген үмүт бар. Бирок, ошону жасаган, аракет кылган киши жок. А комиссия эмне иш кылып жатканы белгисиз, балким Билим берүү жана илим министрлиги ката чыгарган китептерге да акыры барып ушул комиссия айыптуу болсо керек. Иш жакшы жүрсө, мындай алешемдиктер болмок эмес да.
Абал ушундай, мындан да жаман болууга мүмкүн эмес. Бирок, мындан ким жыйынтык чыгарат? Жыйынтык чыгарчу тарап калдыбы? Тилге күйгөн аткаминер калдыбы?
Жалил САПАРОВ,
журналист.