Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму киши башына пайдаланылган таза спирттин көлөмү боюнча европалык 30 өлкөнүн рейтингин түзгөн. Анын жыйынтыгында Литва алдыңкы рейтингге чыкты. Бул тууралуу дүйнө басылмалары жазып чыгышты.
Ошентип, Литвада жылына киши башына 15 литрден таза спирт ичилип, биринчи орунда турса, Чехия менен Германия андан кийинки орундарды ээлеген. Алынган маалыматта Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө (кала берсе биримдикке кирбеген Норвегия менен Швейцарияда да) ар бир киши аптасына 2 бөтөлкөдөн ашуун вино ичишери аныкталган. Бул, албетте, ден соолук үчүн зыяндуу делет. Ал эми Россия боюнча мындай иликтөө жүргүзүлгөн эмес.
Европада алкоголду ичүүнү 2012-жылдан 2021-жылга чейин азайтуу планы иштеп жатат, бирок буга карабастан аны ичүү азайган жок. Европада жыл сайын алкоголду өкүртө ичүүнүн айынан 290 миң киши мерт кетет. Анан калса, алкоголдун айынан атуулдар ооруга чалдыгып, жумушка жөндөмдүүлүгүн жоготушууда. Алкоголдук ичимдиктер жаштар арасындагы өлүмдүн ар бир төртүнчүсүнө себеп болууда.
Эскерте кетсек, өткөн 2018-жылы Европадагы эң көп ичүүчү өлкө деп Эстония таанылган эле.