Быйылкы жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад областындамамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо планы аткарылбай калды. Тактап айтканда, салык төлөмдөрү 2 миллиард 1,6 миллион сом өлчөмүндө жыйналып, план-божомол 99,6 пайызга аткарылган. Бирок 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 104,4 пайыз аткарылган. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан алынган маалыматтардан белгилүү болду.
Алынган маалыматка караганда, областта мамлекеттик бюджеттин план-божомолунун аткарылбай калуусуна Ноокен району себепкер болгон. Районго республикалык бюджетке чегерилүүчү салык төлөмдөрүнүн план-божомолу ашыкча жеткирилгендигине байланыштуу жарым жылда чегерилүүчү салык төлөмдөрү 345,7 миллион сом жыйналып, план-божомол 91,2 пайызга аткарылган. Областтык жана райондук бийликтердин Ноокен районунареспубликалык бюджетке чегерилүүчүсалык төлөмдөрүнүн быйылкы план-божомолу 2018-жылдын 6 айына салыштырмалуу 113,3 пайызга ашуун жеткирилген.
Андан сырткары, республикалык бюджеттин план-тапшырмалары Базар-Коргон районунда 81,1 пайызды, Токтогулда 83,7 пайызды,Таш-Көмүрдө83 пайызды,Аксыда 85,9 пайызды, Тогуз-Тородо 93,9 пайызды түзүп, план аткарылбаган.