Жалал-Абад областында биринчи класска баргандардын жалпы саны алдын ала эсептер боюнча 20 миң 461 окуучуга жетсе, жаңы курулуп ишке берилген мектеп имараттарынын саны алтоо болду. Бул тууралуу областык билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы 2019-2020-окуу жылында Ала-Букада 2, Чаткалда 1, Тогуз-Тородо 2, Аксыда 1 жаңы мектеп ишке берилди. Ал эми өткөн окуу жылы 9 мектептин имарты бүтүп, пайдаланууга берилген эле.
-Эч бир мектепте окууну токтото турчу процесс болбойт. Утурумдук ремонттор жана бшка иштер өз учурунда аткарылган. Жаңы окуу жылында 174 мектеп БУУнун Азык-түлүк прогрммасынын Мерсико уюму менен биргеликте ысык тамак менен камсыз болушту. Анан да 213 мектепте видео-көзөмөл орнотулса, 430 мектеп интернет тармагына туташтырылган. Калган 44 мектеп да окуу жылынын аягына чейин туташтырылат, – дейт А.Токтосунов.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында 474 мектеп болсо, мугалмдердин саны 15 миң 603кө жетет. Окууучулардын жалпы саны 225 миң 416дан ашуун.