www.versia.kg
Понедельник, Ноябрь 16, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭНЕ ЖАНА БАЛАНЫН ӨЛҮМҮ АЗАЙГАН ЖОК

19.08.2019
0 0
0
SHARES
140
Просмотры
Бөлүшүү

Быйылкы жарым жылда төрөт учурунда каза болгон энелердин саны 5ке жетип, бир жашка чейинки балдардын өлүмү боюнча 202 факты катталды. Бул көрсөткүтөр былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын 6 айлык отчётунда маалымдалды.

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында 14 миң 99 жаш бала төрөлүп, 202 бир жашка чейинки балдардын өлүмү катталган.Былтыркы жылдын жарым жылына салыштырмалуу 2,0 көрсөткүчкө кѳбѳйгѳн. Тактап айтканда,2018-жылдын 6 айында 169 бир жашка чейинки балдардын ѳлүмү катталган эле.

Балдардын өлүмү Аксы районунда 12ге, Базар-Коргон жана Ноокен районунда 1ге, Сузак районунда 4кѳ, Майлуу-Суу шаарында 1ге,  Жалал-Абад шаарында 3кѳ   өскөн.Ошондой эле, энелердинтөрөт учурундагы 5 өлүмү катталган.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында эне жана балдардын өлүмүнүн көбөйүп жатканы биринчи кварталдын отчётунда дагы айтылып, чара көрүү тарабы тиешелүү кызматтарга эскертилген. Ал эми Жалал-Абад областык бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Гүлбарчын Рахманова ара төрөлгөн балдардын көптүгүнөн көрсөткүч өсүп жатканын билдирген.

-Акыркы жылдары ара төрөлгөн балдар көп болууда, чарчап калгандардын арасында кырсыкка учурап келгендери да бар. Бизде областта ара төрөлгөн балдардын эки гана ооруканасы бар. Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында, — дейт ал.

Төмөндөгү таблицада балдардын өлүмү боюнча район-шаарлардын көрсөткүчтөрү берилген.

 

№ Район-шаарлар Бир жашка чейинки балдардын өлүмү 1000 тирүү төрөлгөн балдардын санына көрсөткүч (ПМС)
2018-жыл 2019-жыл 2018-жыл 2019-жыл
1 Аксы 10 22 8,1 18,1
2 Ала-Бука 11 10 9,2 8,1
3 Базар-Коргон 18 19 10,3 10,8
4 Ноокен 10 11 6,8 6,8
5 Сузак 21 25 8,5 8,9
6 Токтогул 4 4 4,9 5,2
7 Тогуз-Торо 2 3 10,1 16,4
8 Чаткал 3 1 14,4 5,3
9 Жалал-Абадобл.тѳрѳтүйү (катталбагандар) 86 106 26,8 32,6
АныничиндеЖалал-Абадшаарында 11 13 10,3 10,6
Майлуу-Суу — 1 — 4,6
Таш-Көмүр 3 — 5,3 —
Кара-Көл 1 — 3,7 —
  Областбоюнча 169 202 12,5 14,5

 

 

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ТӨРТ МЕКТЕП АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТПӨЙ КАЛДЫ

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК АРХИВИ ДОКУМЕНТКЕ ТОЛУП КЕТТИ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК АРХИВИ ДОКУМЕНТКЕ ТОЛУП КЕТТИ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК АРХИВИ ДОКУМЕНТКЕ ТОЛУП КЕТТИ

www.versia.kg

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In