Базар-Коргондо жубайын учтуу буюм менен жарадар кылып, качып кеткен күйөөсү милиция кызматкерлери тарабынан колго түштү. Бул тууралуу областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 8-июнь күнү кечки саат 23:00 чамасында болгон. Базар-Коргон районунда 1987-жылы туулган жаран өз үйүндө учтуу буюм менен аялынын көкүрөгүнүн сол тарабына сайып, денесине жараткелтирген жана изин жашырып кеткен. Натыйжада аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ыкчам иликтөө иштери башталган. Окуя учурунда колдонулган далил буюмдар алынып, шектүү катары 1986-жылы туулган жаранды издөө иштери уюштурулган. Жакынкы күндөрү шектүү кармалды жана камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.