Жалал-Абад областынын аймагында үстүбүздөгү жылдын 5 айында 4 сууга чөгүү фактысы катталган. Былтыркы жылы Кыргызстанда жайкы сууга түшүү мезгилиндеги 2 айда эле 58 жаран сууга чөгүп каза тапкан. Жайкы аптапта сууга түшүү сезону башталардан мурда кырсыктардын алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгы бар. Ал эми Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы алдын алуу, элдерге түшүндүрүү иштери башталганын билдирди.
-Таш-Кѳмүр шаарынын аймагынан Кыргызстандагы эң узун Нарын дарыясы агып өткөндүктөн, коркунуч жараткан жерлерге эскертүү иретиндеги атайын тактайчалар илинди. Бул иш-чара Таш-Кѳмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин демилгеси астында уюштурулуп, милициянын участкалык инспекторлору, жашы жете электер менен иштѳѳ инспекциясы, жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, жарандык коргонуу боюнча ѳкүл, өзгөчө кырдаалдар тармагынын кызматкерлери менен биргеликте коопсуздукту сактоо аркеттери көрүлүп жатат. Жергиликтүү элге сууга чѳгүп кетүүлөрдүн алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдү аптаптуу күндѳрү ата-эне, жакындары ѳз кѳзѳмѳлүнѳ алып туруу керектиги да айтылды. Жаштарга ар кандай шартта сууга түшүүгѳ болбой тургандыгы эскертилип, кырсык жана кокустуктардан оолак болууга чакырышууда, – деп билдирет областык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Кошумчалай кетсек, сууга түшүү коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери областтын бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.