Базар-Коргон районуна караштуу Шыдыр айылында 9 койго иттер кол салып, жеп кетишкени аныкталды. Бул тууралуу айыл тургундары кабарлашты. Койлорго иттер кол салганын өз көзү менен көргөн тургундар да бар. Ал эми аталган айыл аймагынын жетекчилиги жолбун иттерге каршы иш-чара көрүлгөнүн билдирди.
-Бизге мындан бир жума мурда иттер койлорду жеп атканы тууралуу арыз кат түшкөн. Мындан улам тиешелүү кызматтарды жөнөтүп, ошол эле айылдагы 13 жолбун ит атылган. Канча кой жегени тууралуу так көрсөтүлгөн маалымат жок, болгону тургундардын кайрылуусун убагында карап, иттерди атып келгенбиз. Негизи бизде жыл сайын эрте жазда жана кеч күздө бардык айылдардагы жолбун иттерди атып, жок кылып турабыз. Быйыл да эрте жазда мындай коопсуздук иш-аракети болгон. Эгерде дагы кайрылуу түшсө, кайра эле барып, тиешелүү чараларды көрөбүз, – дейт Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман Өмүрзаков.
Ал эми айылдык ветеринар Алымкул Садырханов мындай окуя буга чейин Сузак районунда катталганын тастыктады.
-Ооба, негизи ит үй жаныбарларына киргени менен койлорго кол салышы мүмкүн. Иттер ач калган учурда ушундай ишке барышат. Буга чейин да Сузак районунун Ленин аймагында иттин койго колгон салган фактысы катталган, -дейт ал.