Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Кыянбек САТЫБАЛДИЕВге.
Мен дээрлик бүт өмүрүмдү спорт жана агартуу чөйрөсүндө өткөрдүм. Ыраматылык атам да улуттук оюндарды, ат оюндарын мыкты билген киши эле. Ал кишиден да көп нерсе үйрөнүп, ал үйрөнгөндөрүм кийин мага опол-тоодой жөлөк-таяк болду. Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында Манастын миң жылдыгына карата “Манас-1000” оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү чараларында биз областтын намысын коргоп, жалпы кыргыздын улуттук оюндары боюнча да өз салымыбызды кошкон элек. Бирок, бүгүнкү күндө ал кездеги окуялар, иштер, аларга активдүү катышкан спорт жаатындагы ардагерлер тууралуу эч ким эстебей калды. Ошол себептүү да айрым окуялар тууралуу кеп салып, азыркы жетекчилердин, коомчулуктун эсине салып коюуну туура көрдүм.
Илгери союз убагында Сузак райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп иштеп жүрдүм, анан Жалал-Абад областы түзүлүп, областтык спорт комитетинде бөлүм башчы, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеп калганмын. Жаңыдан түзүлгөн бул структуранын бүткүл документациясын даярдап, юридикалык жана башка негиздемелерин түзүп, ишке салганбыз. Көп иштерди аткарууга туура келген, анткени жайдак жерден баарын жаңыдан баштоо зарыл эле.
Ошентип иштеп жүргөн кезде республикада Манастын миң жылдык мааракесин өткөрүү демилгеси чыкты. Эл аралык мааниде өтө турган бул үлкөн иш-чаранын алкагында “Манас-1000” спорттук иш-чаралары да өтүшү керек эле. Ошентип 1992-жылы апрель айында бизди областтык мамлекеттик администрацияда жыйынга чакырышып, ушул маселе боюнча талкуу болгон. Мында негизинен бир нече маселелерди талкууладык:
-Бул эл аралык ири мааракенин алдынан өтүүчү илимий конференцияга даярдык көрүү;
-конференцияда талкуулануучу улуттук ат оюндары боюнча маселеге биз тараптан да атайын доклад менен даярдык көрүү.
Демек, ушул ири мааракенин алдында эл аралык маанидеги улуттук ат оюндарын өткөрүү үчүн анын баарына бирдей эрежелерин карап чыгып, иреттеп, негиздеп, аны талкуулап алыш максатында атайын илимий конференция өтүшү жана ага бизден доклад менен даярдык көрүлүшү абзел эле. Анан бул мааракеге чейин эки жыл аралыгында ар бир район-шаарда ушундай конференциялар өтүп, бул маселени жеринде талкуулап чыгыш керек болчу. Ал эми илимий докладды даярдоону жана эл аралык конференцияда доклад менен чыгууну мага тапшырышкан.
Ошентип, жооптуу жана маанилүү иш башталды, ар бир район-шаарларда конференциялар өтүп, анда улуттук ат оюндары, алардагы эрежелер, деги эле бул оюндардын ар тараптуу мааниси тууралуу кеңири талкуулар жүрдү. Ага карапайым жарандар, ат оюндарын мыкты билген спорт чеберлери, тарыхчылар, башка да адистер катышкан. Ар бир жыйындарда өткөн сунуштарды, пикирлерди калтырбай баарын топтоп, фильтрлеп, жыйнап жүрдүм, анткени доклад даярдоо үчүн көп материалдар, негиздемелер керек эле.
Анан 1993-жылы Таласта ушул маселе боюнча жалпы республикалык жыйынтык конференциясы болуп өтүп, анда эл аралык илимий-конференцияда талкуулануучу маселелер боюнча даярдык көрүү жагы талкууланды. Ошондой эле мааракелик жалпы даярдыктар да каралды. Кийинки 1994-жылы 23-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайындаулуттук ат оюндар, жөө оюндар жана ордо атыш оюну боюнча жалпы эрежелерди иштеп чыгуу тууралуу эл аралык илимий конференция башталган. Себеби, ат оюндары ар кайсы жерде, өлкөдө ар башкача өтүп жүргөн, ар башка эрежелер колдонулган, ал эми бизде өтүүчү эл аралык оюндарда пикир келишпестик болбосун үчүн аны тактап, иреттеп, тастыктап алыш керек болчу.
Ошентип, бул эл аралык илимий конференцияга кыргызстандыктардан башка да мурдагы бардык союздук республикалардан, Кытайдагы кыргыздардан, Алтай кыргыздарынан, Түркиядан өкүлдөр келген. Төрт күн бою күнүнө 12 сааттан жыйын өтүп, ар жактан келген өкүлдөр улуттук ат үстүндөгү, жөө оюндарынын, ордо оюнунун өздөрү колдонуп жүргөн эрежелери, аларды кантип өткөрүү тууралуу илимий докладдар окулду жана талкууланды. Ар кандай сөздөр сүйлөнүп, пикирлер айтылды, талаш-тартыштар болду. Конференция башталарда Кыргыз Респуликасынын Гимни ойнолуп, Уркаш Мамбеталиев “Манас” эпосунан үзүндү айтып турган. Ал эми эл аралык конференциянын президенти Казакстандан келген бир жогорку даражалуу окумуштуу болду. Илимий конференциянынбардык аки-чүкүсү ошол кишинин көзөмөлүндө, жетекчилигинде өтүп турду.
Илимий конференцияга 1640 киши катышкан, президиумда 37 киши отурду. Ал эми илимий докладдар да төрт күнгө бөлүштүрүлүп, жалпы саны 137 деп табылган. Анын ичинен 6 докладды Кыргыз илимдер академиясы, 5 докладдыБилим берүү министрлиги, республикалык Дене тарбия институту 5 докладды даярдап, анан ар бир областтан бирден доклад окуу каралган. Андан башка эркин докладдар бар, ар бир докладга бир саатка чейин убакыт берилген. Докладдар биринен-сала бири окулуп, ал боюнча пикирлер айтылып, талууланып турду.
Акырында 4-күнү кечки саат 22.00дө эл аралык илимий конференциянын президенти доклад окуу үчүн кезекти мага берди, мен трибунага чыктым. Менин докладымда улуттук оюндардын, ат оюндарынын, жөө оюндардын, ордо оюнунун эрежелери жана алардыннегиздемелери, традициялары жана таржымалы, алардын ден соолук жагынан, социалдык жана практикалык пайдалуулугу, иши кылып ар бир оюндун эмне үчүн бизге керектиги жана так эрежелери тууралуу айтылган эле. Ошондой эле алардын эрежелерине көп көңүл бурулуп, аларды колдонуунун зарылдыгы ар тараптуу негизделген болчу. Албетте, доклад угуп отургандардын кызыгуусун жаратканы мени кубандырган.
Конференциянын президенти менин докладымды жакшы баалаганын билдирди, ал доклад президиумдун мүчөлөрүнө алдын ала таркатылганын, баары таанышып чыкканын айтты. Эки саат бою суроолор жаадырылды, жоопторду узатып турдум. Өтө жооптуу, кыйын учурду баштан өткөрдүм, себеби ар кайсы жактан келген өкүлдөр улуттук ат оюндары, алардын эрежелери жана аларды колдонуунун зарылдыктары тууралуу көптөгөн суроолорду беришти, аларга так жана ынанымдуу жооп бериш керек эле. Кыскасы, трибунада турган эки саат убакыт ага даярдык көрүүгө кеткен эки жылдан да ашып түшкөнсүдү.
Кантсе да мээнет текке кеткен жок, аягында конференциянын президенти докладды алкоого алып, бир катар катышуучулар жакшы пикирлерин билдирип, зал толугу менен биздин докладды жактырып, кол көтөрүштү. Мен өтө толкундадым, анткени алдыда боло турган эл аралык мааракелик оюндарнегизинен биздин докладда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча өтөрлүгү тастыкталды. Бул өзүнчө бир жеңиш эле. Ошол жерде конференциянын президенти мага улуттук спорт оюндары боюнча илим доктору болдуңуз деп, атайын диплом берилерин жарыялады. Бул мага таптакыр күтүүсүз эле…
Ошентип, көптөн күткөн жана көп даярдыктарды, мээнетти талап кылган илимий конференция да өттү. Кыргыз Республикасы эгемендикти алгандан кийинки биринчи жолку эл аралык ири мааракесин да өткөрүп алды. Бул, албетте, эл аралык масштабда биздин жаш өлкөнүн аброю, репутациясы үчүн жакшы таасир бергенин айтпаса да түшүнүктүү. Биздин Жалал-Абад областы да бул мааракеге активдүү катышып, көп жакшы ийгиликтерге ээ болду. Ага биз өзүбүздүн азыноолак болсо да салымыбызды кошо алганыбызга кубанычтуубуз.
Бул ири мааракенин өтөрү өттү, бирок ар бир иштин өзүнүн бир өксүгү болот окшобойбу. Ошол конференциянын президенти жарыя кылгандай мага ыроолонгон илимий даража менен конференцияда жасалган илимий доклад тууралуу диплом ошол бойдон берилбей, унутта кала берди. Кийин ал тууралуу бир киши да эстеп койгон жок, акыры бир күн эске алынар деген кыязда мен да унчукпай келдим. Эми кеч болсо да менин ошол өксүгүмдү толтурууга, бир кезде унутта калып, аткарылбай калган адилетсиздикти орундатууга азыркы жетекчилер жардам кылышар бекен деп үмүт кылам. Деген менен, ошол “Манас-1000” мааракесинен кийин көчтү улап Көчмөндөр оюндары да өтүп келет, ошол оюндарда да биз негиз салган оюн эрежелери колдонулуп келатканына кубанам. Демек, биздин эмгек текке кетпеген экен дейм.
Мына ушул себептер менен мен атайын Сизге кайрылып көрүүгө бел байладым эле, урматтуу Кыянбек Урмаматович!
Ушу Сиз жетектеп турган област кайра түзүлгөндө бир катар кадрлар келип, али негизи түзүлө элек областтын тармактарын, структураларын түзүп, негиздеп, не бир документацияларын даярдап, ишин жолго коюп, жалпы област, өлкө үчүн көп эмгек сиңиришкен. Ал кезде азыркыдай сонун шарттар, мүмкүнчүлүктөр болгон эмес. Ошол кадрлар жоктон барды жаратып, күн-түн дебей мээнет кылышып, азыркыдай күчтүү, мүмкүнчүлүгү кең, шарты жакшы областтын болушуна жол салышты.
Ошол кишилердин да эмгегин эстеп, алардын аттарын атап, эл алдында болобу, же жамаат алдында болобу аларга азыноолак сый-урмат көрсөтүп коюу – азыркы кадрлардын милдети. Алардын да жакшы ниеттери, жакшы тилектери болгон. А балким аткарылбай калган өксүктөрү бардыр, ошолорго да көңүл буруп коюу керек го деп ойлойм. Кечээкилер сый көрмөйүнчө, азыркылар баркталбайт, ушуну унутпаксак.
Мен өзүм спорт тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп келгенмин.Ошол эле “Манас-1000” эл аралык оюндарында судья болдум, “Манас-1000” юбилейлик медалын беришти. Чуркоо боюнча СССРдин спортунун мастерлигине кандидат болдум. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Антонио Самаранчтын сертификаты ыйгарылган. Маркум, кыргыздын алгачкы атактуу спортчу-марафончусу, спорттун эл аралык мастери Беделбай Амиракуловдун мелдешин уюштуруп жүрдүм. Кийин Өзгөн районундагы Ак-Кыя мектебинде анын музейин ачтырдым. Мурда өлкөнүн түштүгү бир эле Ош областы болуп турганда 1,5 жана 5 чакырым, 10 чакырым аралыктарга чуркоо боюнча байгелүү орундарды ээлеп жүргөм. Анан жаңы түзүлгөн областтын спорт тармагын жолго коюп, өнүктүрүүгө да эмгек сарптадым.
Максат – азыркы жаштарыбыз мурдагылардын өрнөгү менен өссүн, алардын эмгегин билишсин, чыныгы патриот болушсун деген эле тилек.
Тилебалды КАЛМУРЗАЕВ, Сузак районундагы Бек-Абад айылынын тургуну, спорт ардагери.