Эгер австралиялык окумуштуулардын божомолуна ишенсек, кыргызстандыктардын өз өлкөсүн 2050-жылга чейин гана өнүктүрө алышат, андан кийин ага убакыт болбойт. Анткени, 2050-жылга карата дүйнөлүк катастрофа башталышы ыктымал. Бул тууралуу эл аралык интернет-сайттарда жазып чыгышты.
Австралиядагы Климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук борбордун окумуштууларынын отчётунда дагы 30 жылдан кийин дүйнөлүк катастрофа болорлугу айтылат. Изилдөөчүлөр Дэвид Спратт жана Иан Данлоп климаттын өзгөрүшүнүн сценарийин моделдештиришип, парник газдарынын жана башка булгоочу заттардын абага чыгышы эч бир деле азайбай турганын көрүшкөн. Эгер абанын булганышы ушул темп менен кете берсе, анда 2050-жылга карата дүйнөлүк абанын ысып кетиши 3 градуска жогорулайт. Мунун өзү Арктиканы, Амазонканын токойлорун жана деңиз кораллдарын эске алганда да экосистеманын ааламдык кыйроосуна алып келет.
Европанын түштүгү жана Африка, Жакынкы Чыгыш, Батыш Азия, Австралиянын борбору жайдак чөлгө айланып, АКШнын, Кытайдын, Түштүк Азиянын жана Нидерландылардын жээктери суу астында калат. Аталган илимпоздордун айтымында, миллиарддан ашуун кишини башка жактарга көчүрүү керек болот.
Климаттык өзгөрүүлөрдүн социалдык кесепеттери оор болот: диний экстремизм күчөйт ,башаламандыктар жаралат. Эпидемиялар, массалык миграция, ресурстар үчүн ядролук согуш болушу ыктымал. Жалпы цивилизациялык кыйроолор күтүлөт.
Буга чейин эле Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобу (IPCC) атайын докладында абанын глобалдуу ысып кетишин токтотуп калууга эми мүмкүн эместигин жар салган. Бирок, дүйнөлүк абанын температурасынын ысып кетишин 1,5 градустан ашырбоо керек болот, антпесе дүйнөлүк катастрофанын жүз бериши анык.